КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык Кеңешинин V-чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
2025-жылдын 26-февралы №24
“Кадамжай-Сууканал” муниципалдык ишканасынын 2025-жылдын 1-январынан айлык акыларын көтөрүү жөнүндө
«Кадамжай-Сууканал» муниципалдык ишканасынын 2025-жылдын 6-февралындагы 20 номери менен чыгышталган кайрылуусун карап, талкуулап чыгып, шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун негизинде Кадамжай шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- “Кадамжай-Сууканал” муниципалдык ишканасынын 2025-жылдын 1-январынан айлык акыларын жүргүзүлгөн эсептердин негизинде 20% көтөрүлсүн.
- Токтомдун мыйзам чегинде аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри А.Мурзажановко милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
- Кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду каттап, кеңештин сайтына жарыялап жана мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберсин.
Төрага: | К.Дастиров |