Редакцияот 26.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кадамжай шаардык Кеңешинин V-чакырылышынын кезексиз VII сессиясы

 

2025-жылдын 26-февралы №26

  

 “Кадамжай-Сууканал” муниципалдык ишканасынын балансында турган эксковаторду эсептен чыгаруу жөнүндө

 

“Кадамжай-Сууканал” муниципалдык ишканасынын 2025-жылдын 14-февралындагы 26 номери менен чыгышталган кайрылуусун карап, талкуулап чыгып, шаардык кеңештин каржы, бюджет пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун негизинде Кадамжай шаардык кеңеши

 

                                             ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. “Кадамжай-Сууканал” муниципалдык ишканасынын балансында турган эксковатор-2621 эскилиги жетип, иштеткенге жарабай калгандыгына байланыштуу эсептен чыгарууга макулдук берилсин.
  1. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри А.Мурзажановко милдеттендирилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
  1. Кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду каттап, кеңештин сайтына жарыялап жана мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберсин. 

Төрага:

К.Дастиров