КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык Кеңешинин V-чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
2025-жылдын 26-февралы №27
Кадамжай шаарынын “Көк бөрү” командасына Кадамжай райондук оюнуна катышууга жергиликтүү бюджеттен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Кадамжай шаардык мэриясынын 2025-жылдын 30-январындагы 01-07-140 номери менен чыгышталган кайрылуусун карап, талкуулап чыгып, шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кадамжай шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кадамжай шаарынын “Көк бөрү” командасына Кадамжай райондук оюнуна катышууга жергиликтүү бюджеттен 100 000 (жүз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
- Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри А.Мурзажановко милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
- Кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду каттап, кеңештин сайтына жарыялап жана мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберсин.
Төрага: | К.Дастиров |