КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык Кеңешинин V-чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
2025-жылдын 26-февралы №29
Кадамжай шаар аймагына муниципалдык тигүү цехин ачууга жергиликтүү бюджеттен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Кадамжай шаардык мэриясынын 2025-жылдын 31-январындагы 01-07-176 номери менен чыгышталган кайрылуусун карап, талкуулап чыгып, шаардык кеңешинин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси” мыйзамынын 51-беренесине ылайык Кадамжай шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кадамжай шаар аймагына муниципалдык тигүү цехин ачуугажалпы суммасы 1 920 000 (бир миллион тогуз жүз жыйырма миң) сомду түзгөн сметалык долбоордун 300 000 (үч жүз миң) сомдук өздүк салым үчүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен акча каражаты ажыратылып берилсин.
- Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри А.Мурзажановко милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
- Кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду каттап, кеңештин сайтына жарыялап жана мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберсин.
Төрага: | К.Дастиров |