Редакцияот 26.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кадамжай шаардык Кеңешинин V-чакырылышынын кезексиз VII сессиясы

 

2025-жылдын 26-февралы №30

  Кадамжай шаардык кеңешинин 2024-жылдын 2-февралындагы №174 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Кадамжай шаардык мэриясынын 2025-жылдын 14-февралындагы 01-08-296  номери менен чыгышталган кайрылуусун карап, талкуулап чыгып, шаардык кеңештин каржы, бюджет пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кадамжай шаардык кеңеши

 

 

                                             ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

Кадамжай шаардык кеңешинин 2024-жылдын 2-февралындагы №174 токтомунун 1-пункту төмөндөгүдөй болуп окулсун:

  1. Шаардын аймагына 400м3 резервуар курууга жалпы суммасы 4 756 033 (төрт миллион жети жүз элүү алты миң отуз үч) сомду түзгөн сметалык долбоордун 500 000 (беш жүз миң) сомдук өздүк салым үчүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен акча каражаты ажыратылып берилсин.
  1. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри А.Мурзажановко милдеттендирилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
  1. Кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду каттап, кеңештин сайтына жарыялап жана мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберсин. 

Төрага:

К.Дастиров