Редакцияот 24.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы айылдык Кенештин VIII чакырылышынын V сессиясы

 

2025-жылдын 24-февралы № 31

        Суу-Башы айыл аймагынын  Бужум айылынын Ынтымак конушуна мектеп куруу үчүн жер аянтына өзгөртүү киргизүү 

 жана жер аянтын бекитүү жөнүндө.

 

Баткен регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 2025-жылдын 11-февралындагы корутундусуна ылайык, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 17-февралындагы   №89  сандуу катынын жана Суу-Башы айылдык кеңешинин жер, айыл чарба жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 20-февралындагы   отурумунун корутундусунун негизинде, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер ресурстары жана муниципалдык менчик боюнча адисин угуп, талкуулап Суу-Башы айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Баткен районунун Кара-Булак айылдык кеңешинин 2012-жылдын 28-августундагы IV чакырылышынын XXVI сессиясынын №2 токтомунда мектеп куруу үчүн көрсөтүлгөн 0,60га жер аянты кеңейгендигине байланыштуу 0,84га жер аянтын бекитип берүүгө  макулдук берилсин.
  1. Токтомдун негизинде керектүү болгон иш кагаздарын даярдап берүү жагы           Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

3.    Токтом каттодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук  актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү  үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

  1. Ушул токтомду  көзөмөлгө алуу жагы жер, айыл чарба жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

К. Шакиров