Редакцияот 24.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы айылдык Кенештин VIII чакырылышынын V сессиясы

 

2025-жылдын 24-февралы № 33

 Суу-Башы айыл аймагында турак жай үйлөргө 2025-2027- жылдар үчүн    салыктын өлчөмүн  бекитүү  жөнүндө.

 

 Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө “ Мыйзамынын 4-беренесинин 14-пунктуна Кыргыз Республикасынын Салык кодексин 379-380- беренелерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгенине байланыштуу, 55-главасынын 409-беренесинин негизинде мүлк  салыгы боюнча жеңилдиктер жана  бошотуу боюнча имаратка, курулмага жайга, автотранспорт каражатына мүлк салыгы боюнча жеңилдиктер жана 2022-жылдын 18-январындагы №3 Мыйзамынын 16-главасынын 78-79 беренесин жана Мамлекеттик салык кызматынын  Баткен району боюнча башкармалыгынын 2025-жылдын 7-февралындагы №024/25/03-6/91 сандуу чыгыш катынын негизинде талкуулап чыгып, Суу-Башы айылдык кенеши токтом кылат:

  1. Суу-Башы айыл аймагынын  айыл өкмөтүнүн мүлк салыгы боюнча 2025-2027-жылга карата “Турак жай” үйлөргө  бир чарчы метр  аянтына салыктын өлчөмү 8 сом 50 тыйын болуп бекитилсин.
  1. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Макановго милдентендирилсин.

3.     Токтом каттодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук  актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү  үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

  1. Ушул токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономикалык маселелери  боюнча  туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

К. Шакиров