Редакцияот 24.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы айылдык Кенештин VIII чакырылышынын V сессиясы

 

2025-жылдын 24-февралы № 36

 Суу-Башы айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2024-жылдагы аткарылган иштери боюнча отчету жана 2025-жылга иш планын,

бюджетин бекитүү жөнүндө

 

Суу-Башы айылдык кеңешинин Регламентинин 2-бөлүмүнүн 2.2-пунктунун 2-пунктчасынын негизинде, жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Т.Абдуматовдун 2024-жылга карата аткарылган иштери боюнча билдирүүсүн угуп, талкуулап жана 2025-жылга түзүлгөн иш планын, бюджетин карап чыгып, Суу-Башы айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Суу-Башы айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Т.Абдуматовдун 2024-жылга карата аткарылган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
  1. Суу-Башы айыл аймагынын жайыт комитетине пайдалануучу жайыт участоктору үчүн жайлоолордон түшүүчү жайыт акы эсептелген тарифине ылайык бекитилсин.
  1. Суу-Башы айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2025-жылга сунуш кылган бюджети, жайыттарды пайдалануунун жылдык иш планы бекитилсин.
  1. Жайыттарды туура пайдалануу, жайыт пайдалануучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен жайыт акысын өндүрүү жана бюджетти бекитилген сметага ылайык өз багытында максаттуу жана үнөмдүү иш алып баруу жагы жайыт комитетине милдеттендирилсин.
  1. Суу-Башы айыл аймагына сырттан келген мал жандыктар биздин аймакка таандык эмес болсо, милдеттүү түрдө алып чыгып кетүү же болбосо милициянын аймактык тескөөчүлөрү менен биргеликте айып пул салуу чаралары көрүлсүн.
  1. Жайыт пайдалануучуларга жайлоого мал жандыктарын алып чыгуу убактысы 20-апрелден кийин уруксат берилсин жана белгиленген тартип аткарылбаган учурда малчыларгы мыйзамдуу чаралар көрүлөөрү эскертилсин.
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.

Төрага

К. Шакиров