Редакцияот 24.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы айылдык Кенештин VIII чакырылышынын V сессиясы

 

2025-жылдын 24-февралы № 38

 Суу-Башы   айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Суу-Башы” муниципалдык ишканаларынын Уставын бекитүү жөнүндө.

 

Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин жана Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентине ылайык, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 20-февралындагы №100 сандуу чыгыш катынын негизинде,Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Макановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Суу-Башы айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Суу-Башы  айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Суу-Башы” муниципалдык ишканаларынын Уставы бекитилсин.  
  1. Суу-Башы  айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык ишканаларынын Уставы менен иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Макановго милдеттендирилсин.

3.     Токтом каттодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук  актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү  үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.

Төрага

К. Шакиров