Редакцияот 24.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы айылдык Кенештин VIII чакырылышынын V сессиясы

 

2025-жылдын 24-февралы № 42

 Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылынын Ынтымак конушуна бала бакча куруу үчүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

 

Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн инвестиция тартуу боюнча жетектөөчү адиси А.Маркаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Суу-Башы айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылынын Ынтымак конушуна бала бакча куруу үчүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинен 1 000 000 (бир миллион) акча каражаты өздүк салым катары  бөлүнүп берилсин.
  1. Ушул токтомду аткарууга алуу жагы Суу-Башы   айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү боюнча бөлүм башчысы А.Эрматовго милдеттендирилсин.

3.    Токтом каттодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү  үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.

Төрага

К. Шакиров