Редакцияот 24.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы айылдык Кенештин VIII чакырылышынын V сессиясы

 

2025-жылдын 24-февралы № 43

Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга жергиликтүү бюджетинин такталган планын жана 2026-2027-жылдар үчүн болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө.

 

 

 Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун, 2-пунктчасына жана Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет жана экономикалык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 19-февралындагы отурумунун корутундусуна ылайык, Суу-Башы айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга каралган жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 48978,7 миң сом жана 2026-жылга божомолу 51074,4 миң сомго, 2026-жылга божомолу 53714,4 миң сомго бекитилсин.
  1. Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2025-жылга киреше бөлүгү №1 тиркемеге ылайык, анын ичинен теңдөөчү грант 24334,4 мин сом жана өздүк киреше 24644,3 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
  1. Суу-Башы айыл аймагынын  айыл өкмөтүнүн менчигине түшүүчү жер салыгынын чегерүү өлчөмдөрү №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
  1. 2025-жылга жергиликтүү бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелерге каралган чыгымдар: жалпы 48 978,7 миң сом өлчөмүндө №3 тиркемеге ылайык бекитилсин(беренелер  боюнча тиркелет).
  1. 2025-жылга айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондундагы жерлерден түшкөн ижара акысы 1047,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
  1. 2025-жылга Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн резервдик фонду №5 тиркемеге ылайык бекитилсин.
  1. Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2026-2027 жылдарга божомолу №7 тиркемеге ылайык бекитилсин. 2026-жыл үчүн кирешесинин өлчөмү теңдөөчү гранттан 24334,4 миң сом, өздүк кирешеси 26740,0 миң сом, 2027-жыл үчүн кирешесинин өлчөмү теңдөөчү гранттан 24334,4 миң сом, өздүк кирешеси 29380,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
  1. 2025-жылга Суу-Башы айыл аймагында өзгөчө кырдаал катталган учурда, өзгөчө кырдаал үчүн 1863,4 миң сомго чейин акча каражаты бөлүнүп берилсин.

 

  1. Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2025-жылдын жыл башына калган бюджеттик калдыктары №8 тиркемеге ылайык бөлүштүрүлсүн.

10. Токтом каттодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук  актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү  үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономикалык  маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

К. Шакиров

                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                        

                                                                                                                                                                                                                   

                                                                                                                               Тиркеме №8

Суу-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин  VIII чакырылышынын    кезектеги V сессиясынын                         № 43 токтомуна тиркеме

                       

                        2024-жылдын жыл башына калган бюджеттик калдыктардын бөлүнүшү:

1.     Аппарат бөлүмүнүн 3111 беренесине- 1964,9 миң сом

2.     Аппарат бөлүмүнүн 3112 беренесине-   446,9 миң сом

3.     Аппарат бөлүмүнүн 2215 беренесине-   532,7 миң сом

 Бюджеттик калдыктардын баары:   2944,5 миң сом

 

2024-жылдын жыл башына калган атайын каражат эсебинин калдыктарынын бөлүнүшү:

1.     Аппарат бөлүмүнүн 2215 беренесине  4.3 миң сом