Редакцияот 25.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИСХАК-ПОЛОТХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылыш кезектеги 4-сессиясы

 

2025-жылдын 25-февралы №19

 

  

Исхак-Полотхан айыл аймагындагы жерлердин бир түрүнөн башка категорияга которуу жөнүндө

 

             Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылыш кезектеги төртүнчү сессиясына сунушталган маселелерди талкуулап, Байжигитов Азизбек Баракбаевичтин тоок фермасын чоңойтуу максатында 0,30га жер аянтын сурап кайрылган арызын, Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн 13.02.2025-ж. № 01-20/210 сунуш катын талкуулап чыгып, Исхак-Полотхан айылдык кенеши токтом кылат:

 

  1. Исхак-Полотхан айыл аймагындагы Жеңиш айылынын түшүк тарабынан тоок фермасын чоңойтууга 0,30 га жер аянтын “жайыт” багытынан  “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка жерлери”багытына трансформациялоо (которуу) үчүн  макулдук берилсин.

2.     Токтомду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аткарууга алуу жагы, Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн башчысы А. Мамасалиевге милдеттендирилсин.

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңештин айыл чарба, жер, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
  1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңештин регламентинин  талаптарына ылайык,  ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы, айылдык кеңештин жооптуу катчысы А.Араповага милдеттендирилсин.

Төрага

 

Г.Матажиев