Редакцияот 25.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИСХАК-ПОЛОТХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылыш кезектеги 4-сессиясы

 

2025-жылдын 25-февралы №20

 Исхак-Полотхан айыл аймагындагы мүлк салыгынын турак-үйлөргө салык өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө

 

 

             Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылыш кезектеги төртүнчү сессиясына сунушталган маселелерди, Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн 21.02.2025-жылдагы №01-20/275 сунуш катын талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын салык Кодексинин 379-380-беренесине мүлк салыгынын турак жайларга эсептөөдө өзгөртүүлөр болгондугуна байланыштуу, Исхак-Полотхан айылдык кенеши токтом кылат:

 

  1.  Исхак-Полотхан айыл аймагындагы Мүлк салыгынын турак-үйлөр үчүн 2025-2027-жылдарга эсептөөдө салык кодексинин 409-беренесинде көрсөтүлгөндөй айыл аймагынын калкынын санына жараша мүлк салыгынын турак-үйлөргө салыгын эсептөөдө 5-жылга чейин бир чарчы  метрине 25сом өлчөмүндө бекитилсин.

2.     Токтомду аткарууга алуу жагы, Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн башчысы А. Мамасалиевге милдеттендирилсин.

3.     Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  бюджет, инвестиция, экономика, ишкердик иштери  боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

  1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңештин регламентинин  талаптарына ылайык,  ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы, айылдык кеңештин жооптуу катчысы А.Араповага милдеттендирилсин.

Төрага

 

Г.Матажиев