Редакцияот 25.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИСХАК-ПОЛОТХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылыш кезектеги 4-сессиясы

 

2025-жылдын 25-февралы №21

 

 Жеке ишкер Абдуллаев Орозбек Мухудиновичтин арызы жөнүндө

 

             Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылыш кезектеги төртүнчү сессиясына сунушталган, Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн 06.02.2025-жылдагы №01-20/154 сунуш катын талкуулап чыгып, Исхак-Полотхан айылдык кенеши токтом кылат:

 

  1.  Исхак-Полотхан айыл аймагынан“Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка жерлери” багытындагы жерден, жеке ишкер О.Абдуллаевге таштандыларды кайра иштетүүчү ишкана куруу үчүн  1,5 га жер аянтын ижарага берүү жагы сунушталсын.
  1. Жеке ишкер О. Абдуллаевдин таштандыларды кайра иштетүүчү ишкасын ачып, Исхак-Полотхан айыл аймагындагы тургундарды жумуш орду менен камысыз кылуу жагы эске алынсын.

3.     Токтомду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аткарууга алуу жагы, Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн башчысы А. Мамасалиевге милдеттендирилсин.

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңештин айыл чарба, жер, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
  1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңештин регламентинин  талаптарына ылайык,  ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы, айылдык кеңештин жооптуу катчысы А.Араповага милдеттендирилсин.

Төрага

 

Г.Матажиев