Редакцияот 25.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИСХАК-ПОЛОТХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылыш кезектеги 4-сессиясы

 

2025-жылдын 25-февралы №22

 

 Исхак-Полотхан  айылдык кеңешинин кезектеги сессиясына сунушталган маселелер жөнүндө

 

 

             Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылыш кезектеги төртүнчү сессиясына сунушталган, Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, инвестиция,  экономика, ишкердик иштери жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин талкуулап чыгып, Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1.  Исхак-Полотхан айыл аймагындагы Ак-Өргө айылынын түштүк батыш тарабынан “Айыл чарба” багытынан “Калктуу конуштардын” багытына которулуп жаткан 500,0 га жер аянтынын жерге жайгаштыруу көктөмдөрүн жол жоболоштурууга жана жер участогуна укукту ырастаган документтерди даярдоо үчүн Жергиликтүү бюджеттен 1 150 000 ( бир миллион бир жүз элүү миң)сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2.    Токтомду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аткарууга алуу жагы, Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн башчысы А. Мамасалиевге милдеттендирилсин.

3.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  бюджет, инвестиция, экономика, ишкердик иштери  боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

  1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңештин регламентинин  талаптарына ылайык,  ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы, айылдык кеңештин жооптуу катчысы А.Араповага милдеттендирилсин.

Төрага

 

Г.Матажиев