Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 105 токтомуна)
Жаныбарларды идентификациялоонун эрежелери
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-февралындагы № 124, 2026-жылдын 10-августундагы № 533 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Жаныбарларды идентификациялоонун эрежелери (мындан ары - Эрежелер) жаныбарларга идентификация жүргүзүү тартибин аныктайт.
Эрежелердин максаттары үчүн төмөнкүдөй түшүнүктөр жана алардын аныктамалары колдонулат:
№ 1а формасы боюнча ветеринардык күбөлүк - жаныбар жөнүндө маалыматтарды камтыган, Кыргыз Республикасынын аймагында ага байкоо жүргүзүүнү камсыз кылган, ошондой эле жердин жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу жана жугуштуу ылаңдары боюнча жагымдуулугу тууралуу маалыматтарды камтыган ветеринардык коштоо документи (анын ичинде электрондук документ);
жаныбардын ветеринардык паспорту - жаныбардын (жаныбарлар тобун) идентификациясын жана Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде (мындан ары -ИЖБМР) катталгандыгын ырастоочу документ, анын ичинде электрондук документ;
бал челектердин ветеринардык-санитардык паспорту - бал челектердин идентификациясын жана ИЖБМРге катталгандыгын ырастоочу жана анын санитардык абалын белгилеген документ (анын ичинде электрондук документ);
жаныбарлар тобу - бир мал чарба объектинде жана идентификацияланган топ түрүндө багылган бир түрдөгү 2 же андан көп жаныбар;
үй канаттуулары - продукцияны, чийки заттарды жана башка материалдык баалуулуктарды алуу үчүн адам баккан канаттуулар;
ветеринардык врач - жогорку ветеринардык билими бар жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ветеринардык практиканы жүргүзгөн адам;
бал челек - белгиленген жерге бал аарылар бүлөсүнүн уюктарынын жана бал аарычылык менен иштөөгө зарыл болгон мүлктөрдүн жайгашуусу;
өндүрүмдүү жаныбарлар - тамак-ашка пайдаланууга арналган продукцияны алуу үчүн колдонулган жаныбарлар;
разнарядка - ветеринария боюнча мамлекеттик органдын түзүмдүк бөлүмдөргө жаныбарларга идентификация жүргүзүү, ошондой эле жаныбарларга ветеринардык коштоо документтерин берүү үчүн идентификациялоо каражаттарын жана көмөкчү материалдарды бөлүштүрүү (берүү) жөнүндө документи;
уюк - бал аарылары бүлөсүн багуу үчүн курулма;
эн салуу - жаныбарлардын (жылкылардын, бодо малдын) денесине сан же шарттуу белги коюу.
2. Кыргыз Республикасынын аймагындагы жаныбарлар багылган жана көбөйтүлгөн чарбалар каттоодон милдеттүү өткөрүлүүгө, ал эми жаныбарлар - табигый эркин абалда жүргөн жаныбарларды (жапайы) кошпогондо, Эрежелерде белгиленген тартипте жана мөөнөттө идентификациялоодон жана каттоодон өткөрүлүүгө тийиш.
ИЖБМРде катталбаган чарбада идентификацияланбаган жаныбарларды кармоого, көбөйтүүгө жана сатууга жол берилбейт.
3. Кыргыз Республикасынын аймагында багылган жаныбарлар төмөнкүдөй мөөнөттө идентификацияланууга тийиш:
- жаш бодо мал, майда мүйүздүү мал жана төө - туулган күндөн тартып 30 күндүн ичинде, ал эми жайыт жерлеринде туулгандар үчүн - чарбага кайтып келген күндөн тартып 15 күндүн ичинде;
- жаш торопойлор - бир айлык болгондо;
- териси баалуу жаш айбанат жана коен, эшек, качыр, топоз, ошондой эле кулун - 4 айлык болгондо;
- күчүк жана мыймый - туулган күндөн тартып 3 айдан кечиктирбестен;
- үй канаттууларынын жөжөлөрү суткалык жаштан кечиктирилбестен идентификацияланат.
Жаңы бал аарылар бүлөсүн (уюктарын) идентификациялоо жана эсепке алуу бал аарылар бүлөсү пайда болгондон кийин 3 жумадан кечиктирилбеген мөөнөттө жүргүзүлөт.
4. Жаныбарларды идентификациялоо жаныбарга жеке идентификациялык номерди, ал эми жаныбарлар тобуна - топтук идентификациялык номерди ыйгаруу аркылуу жүргүзүлөт.
Бодо мал, анын ичинде топоздор, жылкылар, эшектер, качырлар, төөлөр, ошондой эле башка жаныбарлар, анын ичинде иттер жана мышыктар жеке идентификациялык номерди ыйгаруу менен идентификацияланат.
Чочколор, койлор, эчкилер, коёндор, үй канаттуулары, аары багуучу, балык жана териси баалуу жапайы айбанаттар (жапайы айбанаттарды багуу) чарбалары жаныбарлардын ар бир түрүнө топтук идентификациялык номерди ыйгаруу менен идентификацияланат.
5. Идентификациялоонун жана каттоонун расмий системасы жок өлкөдөн импорттолгон жаныбарлар, ошондой эле үй шартында, зоологиялык бакчаларда, цирктерде эксперименттик жаныбарлар катары коммерциялык максаттарда пайдалануу үчүн алып келинген идентификацияланбаган жаныбарлар дайындалган чарбага келип түшкөн күндөн тартып 30 күндөн ашпаган мөөнөттө идентификацияланууга жана катталууга тийиш.
6. Импорттолгон жаныбар (жаныбарлар тобу) жөнүндө маалыматтар Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) мыйзамдарынын талаптарына ылайык профилактикалык карантинден өткөндөн кийин Эрежелерде белгиленген тартипте ИЖБМРге киргизилет.