Загрузка документа…
2-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 105 токтомуна)
Жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоонун жана байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуунун тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоонун жана байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуунун тартиби (мындан ары - Тартип) жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоону жана байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуу үчүн ишкердик субъекттер аткарууга тийиш болгон иш-аракеттердин ырааттуулугун аныктайт.
Тартиптин максаттары үчүн төмөнкүдөй түшүнүктөр жана алардын аныктамалары колдонулат:
ветеринардык күбөлүк - контролго алынуучу товарларды алып өтүүдө (ташууда) берилүүчү, аларды идентификациялоону жана байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуучу, ошондой эле мындай объекттердин коопсуздугун ырастоочу маалыматтарды камтыган ветеринардык коштоочу документ;
ветеринардык сертификат - алып өтүүгө (ташууга) тийиш болгон, ветеринардык контролго (көзөмөлгө) алынуучу товарларга берилүүчү, алардын ветеринардык-санитардык коопсуздугун жана бул товарларды өндүрүүчү жайлардын административдик аймагынын жаныбарлардын жугуштуу ооруларынан, анын ичинде адамдарга жана жаныбарларга мүнөздүү оорулардан корголгондугун күбөлөндүргөн документ;
ветеринардык энтамгалоо - ветеринардык-санитардык экспертизанын жыйынтыгы боюнча союлган жаныбарлардын бүтүн, жарым, чейрекке бөлүнгөн жана башка азыктарына аларды тамак-аш, тоют, техникалык (өнөр жайлык) же башка максаттар үчүн пайдаланышын ырастаган тиешелүү энтамганын изин, кагазга графикалык сүрөттөлүшүн, штампты же ветеринардык пломбаны түшүрүү, ошондой эле зыянсыздандырууга (жугушсуздандырууга), утилдештирүүгө же жок кылууга жиберүү;
жаныбарлардан алынган азыктардын идентификациялык номери - азыктардын ар бир партиясына (бирдигине) ыйгарылуучу, азыктардын ошол партиясын (бирдигин) идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү тамгалык-сандык же сандык номери;
идентификациялык (каттоо, эсепке алуу) номери - мал чарба объекттин жана жаныбарлардан алынган азыктарды жүгүртүүнүн башка катышуучуларын идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү уникалдуу номер;
жаныбарлардан алынган азыктарды даярдоочу - сатып алуучуларга (керектөөчүлөргө) сатуу үчүн жаныбарлардан алынган азыктарды өндүргөн (даярдаган) жана анын сапат жана коопсуздук талаптарына шайкеш келүүсүнө жооптуу болгон уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жак же жеке ишкер катары катталган физикалык жак (анын ичинде чет өлкөлүк);
жаныбарлардан алынган азыктардын бирдиги - керектөөчү, топтук же транспорттук (логистикалык) таңгактагы жаныбарлардан алынган азыктардын партиясынын бөлүгү, ал үчүн идентификациялык белгилердин мааниси идентификациялык объект катары берүү чынжырында өзгөрүлбөйт;
жаныбарлардан алынган азыктардын жүгүртүлүшү - азыктарды чыгаруу, ташып чыгаруу же азыкты кийин сатуу менен Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү;
жаныбарлардан алынган азыктардын партиясы - белгилүү бир убакыт аралыгында бир даярдоочу тарабынан даярдалган, бирдей маркалоого ээ болгон жана мындай азыктарга байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуучу товарды коштоочу документтер менен коштолгон бир аталыштагы жаныбарлардан алынган азыктардын белгилүү саны;
контролго алынуучу товарлар (азыктар) - Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) мыйзамдарына ылайык ветеринардык контролго (көзөмөлгө) алынууга тийиш болгон товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген жаныбарлар жана жаныбарлардан алынган азыктар;
өндүрүмдүү жаныбарлар - тамак-ашка пайдалануучу азыктарды алуу үчүн колдонулуучу жаныбарлар;
союу азыгы - өндүрүмдүү жаныбарларды союунун натыйжасында алынган жана андан ары кайра иштетүү (иштетүү) жана (же) сатуу үчүн пайдаланылуучу, этти, субпродукттарды, чийки майды, канды, сөөктү, терини, механикалык жол менен жалатылган (жалатылганга чейин) этти, коллагенди жана ичеги чийки затын камтыган кайра иштетилбеген азык жана жаныбарлардан алынган чийки зат;
сыноо протоколу - жүргүзүлгөн сыноолордун жыйынтыгын камтыган, аккредитацияланган лаборатория тарабынан берилүүчү расмий документ;
аквакультуранын тамак-аш азыгы - багуунун, көбөйтүүнүн же жасалма жол менен жаратылган жашоо чөйрөсүнүн жарым-жартылай эркин шарттарынан алынган (кармалган) аквакультура объекттери;
айыл чарба даярдоочусу - ата мекендик айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишканалардын жана/же соода-логистикалык борборунун дарегине, анын ичинде иштетип алма схемасы боюнча чогултууну жана/же ташууну жана/же баштапкы кайра иштетүүнү жана/же сатууну/берүүнү жүзөгө ашыруучу субъект;
жаныбарлардан алынган азыктарды жүгүртүүгө катышуучу - жаныбарлардан алынган азыктарды жүгүртүүгө катышкан уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жак же жеке ишкер катары катталган физикалык жак (анын ичинде чет өлкөлүк).
2. Тартиптин аракети ЕАЭБдин укугун түзгөн актыларда белгиленген ветеринардык контролго (көзөмөлгө) алынуучу товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген жаныбарлардан алынган азыктардын бардык түрлөрүнө жайылтылат.
3. Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзгөн жаныбарлардан алынган азыктарды даярдоочулар (өндүрүүчүлөр) жана жүгүртүүнүн башка катышуучулары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 528 "Ветеринария жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө" токтомунун 1-тиркемесине ылайык каттоодон өтүүгө тийиш жана ыйгарылган идентификациялык номерге ээ болушу керек.
4. Суудагы биологиялык ресурстарды кармоону кошпогондо, тамак-аш азыгын өндүрүү (даярдоо) үчүн арналган жаныбарлардан алынган иштетилбеген чийки заттар Кыргыз Республикасынын ветеринария чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ден соолугунун абалы мындай чийки затты тамак-аш максаттарына пайдаланууга мүмкүн болгон өндүрүмдүү жаныбарлардан алынууга тийиш.
5. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана жүгүртүүдө турган жаныбарлардан алынган азыктар идентификацияланууга тийиш жана мындай азыктарга байкоо жүргүзүү камсыздалышы керек.
Жаныбарлардан алынган азыктарга байкоо жүргүзүү Бажы бирлигинин "Тамак-аш азыктарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентинин (ББ ТР 021/2011) жана башка техникалык регламенттердин талаптарын эске алуу менен камсыздалат, алардын аракети жаныбарлардан алынган азыктардын айрым түрлөрүнө жайылтылат.
Жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоонун ортосундагы өз ара байланышта камсыздалат.
6. Жаныбарлардан алынган азыктардын ар бир партиясына жаныбарлардан алынган азыктарды өндүрүүчүнүн идентификациялык номеринен жана партиянын идентификациялык номеринен турган уникалдуу идентификациялык номер ыйгарылат.
Жаныбарлардан алынган чийки заттын партиясын жаныбарлардан алынган чийки заттын бир нече партиясын (ар кандай партиялардын бөлүктөрү) механикалык аралаштыруу жолу менен, анын ичинде өндүрүмдүү жаныбардын чийки этин бөлүктөргө бөлүү жолу менен кабыл алууда мындай партияга партиянын жаңы идентификациялык номери ыйгарылат.
7. Жаныбарлардан алынган азыктардын партиясына идентификациялык номер жаныбарлардан алынган азыктардын өндүрүүчүсү тарабынан ыйгарылат.
8. Пайдаланууга даяр болгон азык жаныбарлардан түздөн-түз (анын ичинде чийки эт, сүт, жумуртка) алынган учурларда, партияларды түзүү процесси жок болсо, идентификациялык номер ыйгарылбашы мүмкүн. Жаныбарлардан алынган мындай азыкты өндүрүүчү аны жүгүртүүгө чыгарууда чийки зат алынган жаныбардын идентификациялык номери жөнүндө маалыматты көрсөтөт.
9. Жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо аларды маркалоонун жана жаныбарлардан алынган азыкты идентификациялоо үчүн зарыл маалыматты камтыган товар коштоочу документтердин негизинде камсыз кылынат.
10. Жаныбарлардан алынган азыктарды маркалоо жана товар коштоочу документтерди тариздөө чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан жаныбарлардан алынган азыктарды өндүрүүдө жана сатууда (жүгүртүүгө чыгарууда), анын ичинде аларды кайра иштетүүдө жана утилдештирүүдө ишке ашырылат.
11. Жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоонун жана байкоо жүргүзүүнүн негизги шарты болуп аларды маркалоо эсептелет.
Жаныбарлардан алынган азыктарды маркалоого карата талаптар Бажы бирлигинин "Тамак-аш азыктары аны маркалоо бөлүгүндө" техникалык регламенти (ТР ТБ 022/2011) жана аларга тиешелүү Бажы бирлигинин башка техникалык регламенттери, ошондой эле Тартип менен аныкталат.
12. Жаныбарлардан алынган азыктарга байкоо жүргүзүү чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан жаныбарлардын ээлери, жаныбарлардан алынган азыктарды өндүрүүчүлөр кагаз түрүндө же (жана) электрондук алып жүрүүчүлөрдө берген, өндүрүлгөн же сатып өткөрүлгөн азыктар, азык-түлүк чийки заттары, алардын компоненттери, колдонулган тоюттар, тоют кошулмалары жана ветеринардык дары-дармек каражаттары алынган жана берилген ар бир субъектти аныктоого мүмкүндүк берүүчү товар коштоочу документтердин негизинде камсыз кылынат.
13. Жаныбарлардан алынган азыктардын товардык коштоочу документтери болуп ветеринардык коштоочу документтер (ветеринардык күбөлүктөр, ветеринардык сертификаттар), келишим, товардык-транспорттук коштомо кагаз, эсеп-фактура, келип чыгуу сертификаты, продукциянын шайкештигин ырастоочу документтер (шайкештик сертификаты, шайкештик жөнүндө декларация) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык колдонулуучу продукцияны коштоочу башка документтер саналат.
14. Жаныбарлардан алынган азыктардын негизги товар коштоочу документи болуп жаныбарлардан алынган азыктарга байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуучу электрондук же кагаз түрүндө берилүүчү ветеринардык-коштоочу документ - ветеринардык күбөлүк жана ветеринардык сертификат эсептелет.
Ветеринардык коштоочу документтерсиз жаныбарлардан алынган азыктарды алып өтүүгө, анын ичинде ташууга, сатууга, сактоого жана жүгүртүүгө тыюу салынат.
Ветеринардык сертификат ветеринардык коопсуздук чөйрөсүндө мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруучу жана ветеринария, жаныбарлардын ден соолугун коргоо, жаныбарларды идентификациялоо жана байкоо жүргүзүү, ветеринардык-санитардык жана тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган (мындан ары - ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан экспорттолуучу/импорттолуучу жаныбарлардан алынган азыктарга берилет.
Жаныбарлардан алынган азыктарды ЕАЭБдин бажы аймагына алып өтүү, ошондой эле жаныбарлардан алынган азыктарды үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер, анын ичинде ЕАЭБдин укугун түзгөн актылар менен белгиленген форма боюнча ветеринардык сертификат менен коштолууга тийиш.
Жаныбарлардан алынган азыктарды үчүнчү өлкөлөргө ташып чыгуу импортточу өлкөнүн талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинде жаныбарлардан алынган азыктарды алып өтүүдө ветеринар врач тарабынан Тартиптин 1-тиркемесине ылайык № 2а формасы боюнча ветеринардык күбөлүк берет.
Жаныбарлардан алынган азыктарды, анын ичинде жаныбарлардан алынган азык эмес чийки заттарды үчүнчү өлкөлөргө экспорттоодо Кыргыз Республикасы менен үчүнчү өлкөнүн ортосунда ветеринардык сертификаттын макулдашылган формасы жок болгон учурда импорттоочу мамлекеттин ветеринардык талаптарына ылайык ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык № 5 формадагы ветеринардык сертификат берет.
Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинде азык эмес чийки затты алып өтүүдө ветеринардык врач тарабынан Тартиптин 2-тиркемесине ылайык № 3а форма боюнча ветеринардык күбөлүк берилет.
Ветеринардык коштоочу документтерди берүү жана тариздөө тартиби, ветеринардык коштоочу документтердин бланктарынын техникалык мүнөздөмөлөрү, ошондой эле алардын Кыргыз Республикасынын аймагында колдонуу мөөнөтү ветеринария боюнча мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
Мында ветеринардык коштоочу документтердин колдонуу мөөнөтү жаныбарлардан алынган азыктардын түрүнө жана алардын спецификалык өзгөчөлүктөрүнө, өндүрүмдүү жаныбарларга карата ветеринардык-профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүнүн натыйжаларына жараша белгиленет, бирок бир айдан ашык эмес.
15. Жаныбарлардан алынган азыктарга байкоо жүргүзүү боюнча документтер жаныбарлардан алынган азыктардын ээлери жана өндүрүүчүлөр тарабынан сатылгандан кийин кеминде бир жыл сакталууга тийиш.
16. Жаныбарлардан алынган азыктарга байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуунун негизги механизми болуп жаныбарлардан алынган азыктарды өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн катышуучуларынын ар биринин маалыматтык системалары эсептелет, алар чийки затты жана компоненттерди, аны өндүрүү, сатуу, сактоо, ташып өтүү жана утилдештирүү/жок кылуу боюнча операцияларды жана окуяларды каттоону карайт.
Жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоону жана байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуу үчүн жаныбарлардан алынган азыктарды жүгүртүүнүн ар бир катышуучусу жаныбарлардан алынган азыктардын байкоо жүргүзүү системасын (электрондук жана (же) кагаз түрүндө) иштеп чыгууга, ишке киргизүүгө жана колдоого тийиш.
Мындай система ал тарабынан өндүрүлгөн же сатылган азык, азык-түлүк чийки заты, алардын компоненттери, колдонулуучу тоюттар, тоют кошумчалары жана ветеринардык дары каражаттары алынган жана берилген ар бир субъектке байкоо жүргүзүүнү белгилөөгө тийиш.
17. Жаныбарлардан алынган азыктардын ар бир катышуучусунун маалыматтык системасы азык-түлүк чынжырында жаныбарлардан алынган азыктарга байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуу үчүн акыркы керектөөчүнү кошпогондо, Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде (мындан ары - ИЖБМР) катталган мурунку жана кийинки катышуучулардын уникалдуу идентификациялык номерлери жана жаныбарлардын (жаныбарлардын топторунун) идентификациялык номерлери жөнүндө маалыматтын болушун камсыз кылууга тийиш.
Чарба жүргүзүүчү субъекттердин жаныбарлардан алынган азыктарга байкоо жүргүзүү системасы жаныбарлардан алынган азыктардын партиясы жана (же) бирдиги жөнүндө төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
- аталышы;
- келип чыгуу коду;
- саны;
- даярдалган күнү;
- жарактуулук мөөнөтү;
- жаныбарлардан алынган азыктардын идентификациялык номери;
- азык даярдоочунун (өндүрүүчүнүн) аталышы жана анын юридикалык жана иш жүзүндөгү дареги;
- Мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш болгон объекттердин бирдиктүү реестринде даярдоочунун (өндүрүүчүнүн) жана жаныбарлардан алынган азыктарды сатуу ишке ашырыла турган объекттин идентификациялык (каттоо) номери;
- Тартипте каралган башка маалыматтар.
18. Чарба жүргүзүүчү субъекттердин жаныбарлардан алынган азыктарга байкоо жүргүзүү системасы Бажы бирлигинин "Тамак-аш азыктарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентинин (ББ ТР 021/2011) жана жаныбарлардан алынган тамак-аш азыктарынын айрым түрлөрү үчүн Бажы бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарына жооп бериши керек.
19. Ветеринария боюнча мамлекеттик орган жаныбарлардан алынган азыктарга берилген ветеринардык коштоочу документтер аркылуу жаныбарлардан алынган азыктарга байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуучу маалыматтык системаны түзөт жана жүргүзөт.
20. Жаныбарлардан алынган азыктардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында чарба жүргүзүүчү субъект ветеринария боюнча мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча Тартиптин 17-пунктунда көрсөтүлгөн жаныбарлардан алынган азыктардын партиясы жана (же) бирдиги жөнүндө маалымат берет.
21. Импорттолуучу жана экспорттолуучу жаныбарлардан алынган азыктардын ар бир партиясы жана (же) бирдиги жөнүндө маалыматтар ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жаныбарлардан алынган азыктарга байкоо жүргүзүү боюнча маалыматтык системасына киргизилиши керек.
22. Жаныбарлардан алынган азыктардын аталышы, партиянын жана (же) бирдиктин даярдалган күнү жөнүндө маалымат, ошондой эле даярдоочунун аталышы жана анын юридикалык жана иш жүзүндөгү дареги Бажы бирлигинин "Тамак-аш азыктары аны маркалоо бөлүгүндө" техникалык регламентинин (ББ ТР 022/2011) талаптарын сактоо менен түздөн-түз азыкка жана (же) этикеткаларга жана (же) ярлыктарга жана (же) кошумча барактарга жана (же) товарды коштоочу документтерге жайгаштырылат.