Редакцияот 31.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Бак айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы

2025-жылдын 31-январы № 16

Достук айылынын тургуну  Абдураим уулу Абсаттарга кезексиз тамарка жер берүү жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын №1 протоколунун негизинде жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К. Темурбоевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап   Кара-Бак айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.        Кара-Бак айыл аймагынын Достук айылынын тургуну II топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген  Абдураим уулу Абсаттарга 0,10 га жер аянтын кезексиз берүүгө макулдук берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы,  Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

Төраганын орун басары

Ж.Шадиманова