Редакцияот 25.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Бак айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы

2025-жылдын 25-февралы № 20

Кара-Бак айылынын Жаны-Короо участкасында №191 контурундагы жайгашкан 0,10 га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү  жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 13-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябры № 665 Токтому менен бекитилген Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобого ылайык, “Кыргызмамжердолбоор” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалынын  07.02.2025-жылдагы №01-13/219 сандуу аныктамасынын негизинде Кара-Бак айылынын Жаны-Короо  участкасындагы №191-контурунда жайгашкан 0,10 га жер аянтынын категориясын которуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Кара-Бак айылынын Жаны-Короо участкасында №191 контурундагы жайгашкан 0,10 га жер аянтын “Айыл чарба багытыдагы жерлер” категориясынын Курулуштар астындагы түрүнөн “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.

 

 

 

 

Төрага

А.Дилишатов