Редакцияот 25.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Бак айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы

2025-жылдын 25-февралы № 19

 

 Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башкы планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн эске алып Кара-Бак айылдык кеңеши

 

                                                           ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.              Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кара-Бак, Дөбө, Кызыл-Бел айылдарынын башкы планына өзгөртүү-толуктоо киргизүүгө макулдук берилсин.

2.              Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

А.Дилишатов