Редакцияот 25.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Бак айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы

2025-жылдын 25-февралы № 23

 Кызыл-Бел айылындагы 30,18 га жер аянтын  которууга (трансформациялоого) макулдук берүү  жөнүндө.

        

Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 13-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябры № 665 Токтому менен бекитилген Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобого ылайык, “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалынын  22.11.2024-жылдагы №01-13/3511 жана 16.02.2023-ж № 01-13/254 сандуу аныктамасынын негизинде Кызыл-Бел айылындагы 30,18 га жер аянтынын категориясын которуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1.            Кара-Бак айыл аймагынын Кызыл-Бел айылын аймагында жайгашкан

№146 контурундагы-16,64 га –таштуу жайыт жер,

№148 контурундагы-0,23 га, башка жерлер

№149 контурундагы-0,21 га, башка жерлер

№178 контурундагы-0,10 га, башка жерлер

№300 контурундагы-5,20 га, таштуу жайыт жер

№307 контурундагы-7,80 га, таштуу жайыт жер   

Жалпы 30,18 га жер аянты  “Айыл-чарба”багытындагы көп жылдык мөмө жемиш бактар түрүнө которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2.                  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

А.Дилишатов