Редакцияот 25.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Бак айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы

2025-жылдын 25-февралы № 24

Урмизан-3 участкасынан “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасына көмүр казууга макулдук берүү  жөнүндө.

 

            “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянынмүчөсү З. Осмоновдун билдирүүсүн эске алып, талкуулап, “Кыргызмамжердолбоор” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын  28.01.2025-ж.01-06 сандуу аныктамасынын негизинде Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Урмизан-3 участкасындагы 4,22 га жер аянтын көмүр казып алуу үчүн иштетүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Кара-Бак өкмөтүнүн аймагынын Зардалы айылынын Урмизан-3 участкасынан “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасына 4,22 га жер аянтына көмүр казуу иштерин жүргүзүүгө макулдук берилсин.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

А.Дилишатов