Редакцияот 25.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Бак айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы

2025-жылдын 25-февралы № 27

 Жайыт тарифин бекитүү  жөнүндө

            Кара-Бак айылдык кеңешинин Финансы, экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Р. Джолматовдун жана Кара-Бак айыл аймагынын  Жайыттар боюнча жетекчиси С. Исаковдун сунушунунун негизинде, Кара-Бак айыл аймагында жайыттарды пайдаланууну жакшыртуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Кара-Бак айыл аймагынын  Жайыттар боюнча жетекчиси С. Исаковдун 2024-жылда  аткарган иштери боюнча отчету канааттандырарлык деп табылсын.

2.     2025-жылга карата Жайыттан түшүүчү каражаттардын сметасы 348 400 сом болуп бекитилсин. (№1 тиркеме)

3.     Кара-Бак айыл аймагындагы жайыттарды пайдаланууну жакшыртуу максатында түзүлгөн жайыт тарифи төмөнкүдөй бекитилсин.

К №

Мал түрү

Тариф баасы бир баш үчүн (сом)

 

Бодо малга

200

 

Майда малга

40

 

Жылкыга

200

 

Алты айга чейинки төл

0

Башка айыл аймактардын малына эки эсе төлөнөт.

4.     Ушул  токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Финансы, экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. 

Төрага

А.Дилишатов