Редакцияот 25.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Бак айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы

2025-жылдын 25-февралы № 28

 Кара-Бак айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-июлундагы №157 “мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө”  мыйзамынын, Кара-Бак айыл аймагынын “Ардактуу Атуул” наамын берүү боюнча жобосунун негизиндеКара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартибин чындоо этика жаштар, коомдук саясий жана мамлекеттик эмес уюмдар менен иштөө боюнча туруктуукомиссиясынын төрагасы Э. Амитовдун билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап Кара-Бак айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.     1999-2000-жылдардагы Баткен окуясы учурунда Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы болуп иштеп турган Маматалиев Абдырахман Матазимовичке жана Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеп турган Мадалиев Акжол Абдуваитовичке Кара-Бак айыл аймагынын “Ардактуу Атуулу”  наамы берилсин.

2.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартибин чындоо этика жаштар, коомдук саясий жана мамлекеттик эмес уюмдар менен иштөө боюнча туруктуукомиссиясынын төрагасына тапшырылсын.

Төрага

А.Дилишатов