ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Коргон айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2025-жылдын 20-февралы № 4/2
Үч-Коргон айыл аймагынын Күнгөй участкасында жайгашкан мал соючу жай (кушкана) куруу үчүн айыл өкмөтүнүн 05.03.2020-жылдагы №03-10/34 токтому менен айыл аймагынын тургуну Мадаминов Давранжан Мухтаровичке убактылуу пайдаланууга берилген 0,20 га жер аянтынын мөөнөтү бүткөндүүгүнө байланыштуу айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жана ижарага берүү жөнүндө
Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 17-февралындагы Чыгыш №01-05/256 катына жана 2002-жылдын 15-мартындагы Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” №37 Мыйзамынын 5-беренесине негиз, кыймылсыз мүлктөрдү өткөрүп берүү келишимине ылайык, Үч-Коргон айылдык кеңеши токтом кылат:
- Үч-Коргон айыл аймагынын Күнгөй участкасында жайгашкан мал соючу жай (кушкана) куруу үчүн айыл өкмөтүнүн 05.03.2020-жылдагы №03-10/34 токтому менен айыл аймагынын тургуну Мадаминов Давранжан Мухтаровичке убактылуу пайдаланууга берилген 0,20 га жер аянтынын мөөнөтү бүткөндүүгүнө байланыштуу,Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
- Муниципалдык менчикке алынган жерди, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына таянып, Муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө Типтүү Жобого ылайык мыйзам чегинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсын.
3. Токтомдун аткарылышын айыл өкмөтүнүн башчысы О.М.Шакировго жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Б.Бердибеков |