Редакцияот 20.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Коргон айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы

2025-жылдын 20-февралы № 4/5

 

    2025-жылда райондук өнүктүрүү фондуна сунушталган объекттерге Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын бөлүп берүүгө  макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодекс мыйзамдарынын жетекчиликке алып,   Үч-Коргон айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

1.     Үч-Коргон айылындагы №115 Кесиптик лицейине тигүү машиналарын салып алуу үчүн Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн бюджетинен 118 000 (бир жүз оң сегиз миң) сом акча каражатын бөлүп берүүгө  макулдук берилсин.

2.     Токтомдун аткарылышы Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы О.М.Шакировго жүктөлсүн.

3.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин финанс жана бюджет  маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Б.Бердибеков