2-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-мартындагы № 103 токтомуна)
Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча НУСКАМА
1-глава. Жалпы жоболор
1. Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускама (мындан ары - Нускама) дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду толтуруунун, тариздөөнүн жана ишке ашыруунун тартибин аныктайт.
2. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына конкурстук негизде ушул Нускаманын жана Долбоорлорду тандоо жана дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоо жөнүндө жобонун талаптарына ылайык келген долбоорлорду каржылоого берилет.
3. Бул Нускамада төмөнкүдөй аныктамалар пайдаланылат:
1) демилгечи топ - дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылануучу долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жалпы кызыкчылык менен бириккен жарандардын жана башка кызыкдар жактардын тобу;
2) өнүктүрүү программасы - жергиликтүү коомчулукту өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү максаттарын жана милдеттерин аныктоочу документ. Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программалары, инвестициялык программалар жана программалык багыттагы башка документтер өнүктүрүү программалары болуп саналат;
3) инжинирингдик кызмат көрсөтүүлөр боюнча адис (ИКА) - долбоорду даярдоодо жана ишке ашырууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына коммерциялык негизде оңдоо жана курулуш иштерин аткаруунун сапатын жогорулатууга багытталган кызматтарды көрсөтүүчү, тиешелүү квалификациялык сертификаты бар адис.
4. Долбоорду даярдоонун жана ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө ачык-айкындуулукту жана коомчулуктун маалымдуулугун камсыздоо максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан демилгечи топ түзүлөт жана анын лидери шайланат.
5. Демилгечи топтун курамына төмөнкүлөр кирет:
1) долбоорду ишке ашыруудан пайда алуучу коомчулуктун өкүлдөрү;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ыйгарым укук берилген кызмат адамдары;
3) жергиликтүү кеңештин депутаттары;
4) эксплуатациялоочу уюмдун өкүлдөрү;
5) техникалык адис (инжинирингдик кызмат көрсөтүүлөр боюнча адис).
Ошол эле учурда жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү демилгечи топтун мүчөлөрүнүн санынын 50%ынан кем эмесин түзүүгө тийиш.
6. Демилгечи топ төмөнкүлөргө укуктуу:
1) демилгечи топтун мүчөлөрүнө тендердик жол-жоболорго катышууга ыйгарым укук берүүгө;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан жана подрядчыдан долбоорду даярдоонун жана ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты суроого;
3) долбоордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүгө жана баалоого;
4) долбоорду даярдоонун жана ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө коомчулукка маалымдоого;
5) долбоорду даярдоодо жана ишке ашырууда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары менен макулдашуу боюнча башка иш-аракеттерди аткарууга.
2-глава. Долбоорду даярдоонун жана ишке ашыруунун принциптери жана милдеттери
7. Принциптери:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;
2) натыйжалуулукту камсыздоо;
3) ачыктык жана айкындуулук;
4) отчеттуулук.
8. Милдеттери:
1) долбоорду иштеп чыгуу процессин камсыз кылуу;
2) долбоорду даярдоо жана ишке ашыруу процессине мониторинг жана баалоо жүргүзүүнү камсыз кылуу.
3-глава. Долбоорду иштеп чыгуунун тартиби
9. Долбоорду иштеп чыгуу ушул Нускаманын 1 жана 2-тиркемелеринде келтирилген формалар боюнча өтүнмөнү жана долбоордук сунушту толтурууну камтыйт.
10. Өтүнмөнү жана долбоордук сунушту иштеп чыгууда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболоруна ылайык инжинирингдик кызмат көрсөтүүлөр боюнча адисти (мындан ары - ИКА) келишимдик негизде жалдайт. ИКАнын консультациялык кызмат көрсөтүүлөрүнө келишимдин формасы ушул Нускаманын 3-тиркемесинде берилген.
11. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органына төмөнкү документтерди камтыган долбоорду каттоого берет:
1) өтүнмө;
2) долбоордук сунуш;
3) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын коштомо каты;
4) долбоордун документтерин комплекттөө боюнча каттоо барагы.
4-глава. Өтүнмөнү толтуруунун жол-жобосу
12. Өтүнмө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан ушул Нускаманын 1-тиркемесинде келтирилген форма боюнча толтурулат.
13. 1-пунктта долбоордун аталышы көрсөтүлөт (долбоордун аталышы кыска, түшүнүктүү болууга жана анын багытын аныктоочу негизги сөздөр менен мүнөздөлүүгө тийиш).
Бул пунктта ошондой эле төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) долбоордун жалпы наркы;
2) өтүнмө ээсинин жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан, ошондой эле башка булактардан акчалай түрдө өздүк же мобилизацияланган салымы;
3) дем берүүчү (үлүштүк) гранттарга болгон муктаждык.
14. 2-пунктта имараттын жана курулманын техникалык паспортундагы маалыматтары боюнча долбоорду ишке ашыруунун орду көрсөтүлөт.
15. 3-пунктта долбоор боюнча объектке муниципалдык менчик укугу ушул Нускаманын 4-тиркемесинде берилген форма боюнча көрсөтүлөт.
16. 4-пунктта өздүк жана тартылган салымдын бар экендиги көрсөтүлөт:
1) жергиликтүү бюджеттен каралган өздүк салым каражаттары тиешелүү жылга жергиликтүү кеңештин чечими менен ырасталат жана өтүнмөгө тиркелет;
2) региондук өнүктүрүү фондунан каралган өздүк салым каражаттары тиешелүү жылга Байкоочу кеңештин чечими менен ырасталат жана өтүнмөгө тиркелет;
3) эл аралык уюмдар тарабынан мобилизацияланган салым каражаттары, тиешелүү макулдашуу менен ырасталат, анын көчүрмөсү өтүнмөгө тиркеме болуп саналат;
4) жергиликтүү коомчулуктун жана башка субъекттердин каражаттары банктын көчүрмөсү менен ырасталат жана өтүнмөгө тиркелет.
17. 5-пунктта шаарды же айыл аймагын өнүктүрүү программасынын аталышы көрсөтүлөт. Мында шаарды же айыл аймагын өнүктүрүү программасынан көчүрмө тиркелет, анда долбоордун аталышы, артыкчылыгы, инвестициянын пландалган көлөмү, анын ичинде дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын суммасы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана башка кызыкдар тараптардан кошо каржылоонун көлөмү көрсөтүлөт.
18. 6-пунктта жүргүзүлгөн иш-чаралардын саны жана калкты социалдык мобилизациялоонун катышуучулары жөнүндө маалымат көрсөтүлөт. Мында калкты социалдык мобилизациялоо боюнча иш-чаралардын жүргүзүлгөндүгүн ырастоочу документтер тиркелет.
19. 7-пунктта демилгечи топтун бар экендиги көрсөтүлөт. Мында демилгечи топту түзүүнү жана жетекчинин дайындалышын тастыктаган документтин көчүрмөсү тиркелет.
20. 8-пунктта долбоордун бир же бир нече шаарга же айыл аймагына тийгизген таасири көрсөтүлөт. Ошол эле учурда ушул шаарларга же айыл аймактарына карата объекттин пландуу жайгашуусу менен схемалык карта тиркелет.
21. 9-пунктта көйгөйдүн сыпатталышы, анын терс социалдык-экономикалык кесепеттери, аны чечүүнүн кечиктирилгистиги келтирилет.
22. 10-пунктта негизги максат-долбоордун таасиринен күтүлгөн акыркы натыйжага жетишүү көрсөтүлгөн. Милдеттер долбоордун максаттарына жетүү жолдорун аныктайт.
23. 11-пунктта реконструкциялоодо жана жаңыдан курууда долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыккан уюмдун маалыматтары, анын ичинде жумуштардын жана материалдардын сметалык наркы, долбоордун курулуш жана зарыл учурда экологиялык экспертизасынын корутундусунун номери жана датасы, оңдоо же курулуш иштеринин узактыгы, жаңы курулуш объекттери үчүн архитектуралык-шаар куруу иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда долбоордун макулдашуу номери жана датасы көрсөтүлөт.
Капиталдык оңдоодо жумуштардын жана материалдардын сметалык наркын даярдаган адистин же уюмдун маалыматтары жана даярдоо датасы көрсөтүлөт.