ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Коргон айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2025-жылдын 20-февралы № 4/7
2002-жылдын 15-мартындагы Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” №37 Мыйзамынын 5-беренесине негиз, кыймылсыз мүлктөрдү өткөрүп берүү келишимине ылайык, Үч-Коргон автобекетиндеги жалпы 16 (оң алты) объектилерди Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндө.
Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 30-январындагы Чыгыш №01-05/131 катына жана 2002-жылдын 15-мартындагы Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” №37 Мыйзамынын 5-беренесине негиз кыймылсыз мүлктөрдү өткөрүп берүү келишимине ылайык, Үч-Коргон айылдык кеңеши токтом кылат:
- Үч-Коргон айыл аймагынын Үч-Коргон автобекети жалпы 17,0га жер аянты 16 (оң алты) объектилерди,кыймылсыз мүлктөрдү өткөрүп берүү келишимине ылайык,Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
- Муниципалдык менчикке алынган жерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына таянып, Муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө Типтүү Жобого ылайык мыйзам чегинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсын.
3. Токтомдун аткарылышын айыл өкмөтүнүн башчысы О.М.Шакировго жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Б.Бердибеков |