Редакцияот 20.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Коргон айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы

2025-жылдын 20-февралы № 4/9

 2025-жылда Кадамжай өнүгүү фондуна сунушталган объекттерге Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн  бюджетинен акча каражатын бөлүп берүүгө  макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодекс мыйзамдарынын жетекчиликке алып жана 2024-жылдын 9-сентябрындагы  Үч-Коргон айылдык кеңешинин VIII сессиясынын №8/3 токтомуна негиз, Үч-Коргон айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

1.    2025-жылда Кадамжай өнүгүү фондунасунушталган Үч-Коргон айыл айгамына караштуу “А.С.Пушкин” орто мектебинин фасадын, темир тосмосун жана мектептин аянтчасына брусчатка басууга айыл өкмөтүнүн бюджетинен 1 027 905 (бир млн жыйырма жети миң, тогуз жүз беш ) сом  акча каражатын бөлүп берүүгө  макулдук берилсин.

2.    Токтомдун аткарылышы Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы О.М.Шакировго жүктөлсүн.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин финанс жана бюджет  маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Б.Бердибеков