Редакцияот 06.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БИРДИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 6-декабры № 81/XXVI-28

Жер мунапысынын тартибинин негизинде жер участокко менчик укугун берүү жөнүндө

 

          Кыргыз Республикасынын  “Жер –укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамынын 6 жана 8 беренелеринин жана “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Жобосунун 26 пунктунун негизинде, Жерди жайгаштыруу долбоорун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13 беренелерине ылайык жана Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрайиясынын жер комиссиясынын № 32  07.09.2023-жылдагы протоколунун негизинде  Бирдик айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Бирдик айыл өкмөтү калктуу конуштагы 26 жер тилкесине жеке менчик укугун бекитип берүү иштерин жүргүзсүн.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                         Ч.Д.Миншанло