Редакцияот 16.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-КЕМИН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЧОҢ-КЕМИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2024-жылдын 16-апрели № 08

 

Айыл аймак боюнча коруктун мɵɵнɵтүн жана коруктун бааларын  бекитүү жɵнүндɵ

 

Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдары жɵнүндɵ”мыйзамынын 34-беренесинин (Айылдык аймактардын,шаарлардын,жергиликтүү кеңештердин компетенциялары) 17-пунктун (мыйзамдарга ылайык башка маселелерди чечүү) жетекчиликке алып 

Чоң-Кемин айыл аймагы боюнча дыйкандардын ɵндүргɵн айыл чарба товарларын коромжуга учуратпай жыйнап алуу максатында

1.Чоң-Кемин айыл аймагы боюнча талаачылык коруктардын убактысы тɵмɵндɵгүдɵй бекитилсин:

- айыл чарба багытындагы жерлерди коруу  10-майдан 10-октябрга чейин бекитилсин.

- малдын ээси камаган корукчуларга (сыйлык катары) 1-жолу – 200 сом; 2-жолу – 500 сомдон (ар бир бодого) накталай тɵлɵп берсин.

- Жери бар атуулдар корукчуларга айыл чарба жерлерин коругандыгы үчүн,  ɵз ара келишимдин негизинде корук акысын тɵлɵп беришсин.

2.Айыл ɵкмɵт башчысына:

- Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябры № 128 Укук бузуулар жɵнүндɵгү кодексинин негизинде иш алып барсын.

- корукчулар менен келишимдер түзүлсүн.

- жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.

- укук бузуулар катталса мыйзам чегинде протоколдор түзүлүп каттоого алынсын.

3.Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ айыл ɵкмɵт башчысына  жүктɵлсүн.

 

Чоң-Кемин  айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А.Ш.Шейшенбеков