Редакцияот 16.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-КЕМИН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЧОҢ-КЕМИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

2024-жылдын 16-апрели № 04

“Чоң-Кемин айыл амагынын административдик чек арасынын схемалык картасына  макулдук берүү жөнүндө”

  

Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Чүй облусунун Кемин районунун Чоң-Кемин айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Чоң-Кемин айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Чоң-Кемин айылдык кеңеши төмөнкүдөй

 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1. Чоң-Кемин айыл амагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.

2. Чоң-Кемин айылдык кеңешинин төрагасына жана Чоң-Кемин айыл өкмөтүнүн башчысына схемалык картага кол коюу тапшырылсын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кемин районунун жергиликтүү  мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

Чоң-Кемин  айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А.Ш.Шейшенбеков