КЕМИН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 6-мартындагы № 1-16-30
Кемин шаарынын мэриясынын балансынан имаратты жер тилкеси менен Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин балансына өткөрүп берүү жөнүндө
Имаратты жер тилкеси менен сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу максатында КР УКМК ишмердигинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кемин шаардык кенешинин депутаттарынын сессиясында талкуланып, пикир алмашып.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кемин шаарынын мэриясы Кемин шаары, Ленин көчөсү, 8/1 дарегинде жайгашкан 2000 чарчы метр жанаша жер тилкеси бар имаратты идентификациялык коду: 705-01-1001-3907 Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин балансына баланстан өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Кадастр" мамлекеттик мекемеси ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн тиешелүү жер тилкеси бар имаратка мамлекеттик менчик укугун белгиленген тартипте катталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кемин шаарынын мэр К.З.Абдывалиевге жүктөлсүн.
Төрага: | Д. Мусаев |