Редакцияот 06.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЕМИН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 6-мартындагы № 4-16-30

Кемин шаарында суу менен камсыздоону пайдалануу жобосун бекитүү тууралуу

 

“Кемин – суу канал” муниципалдык ишканасынын суу менен камсыздоону жакшыртуу жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кемин шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясында талкуу болуп, пикир алмашып:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1. Кемин шаарынын суу түтүктөрүн пайдалануу Жобосу бекитилсин (21 барак тиркелет).

2. Кемин шаарынын мэриясы Кемин шаарында суу түтүктөрүн пайдалануу жөнүндө жобону жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяласын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кемин шаарынын мэри К.З.Абдывалиевге жүктөлсүн.

 

Төрага        

  Д. Мусаев