Редакцияот 06.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕМИН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 6-мартындагы № 7-16-30

Кемин шаарына ичүүчү таза суу менен камсыз кылууну жана канализацияны капиталдык оңдоо боюнча долбоорду ишке ашырууга жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан инветиция алууга макулдук берүү жөнүндө

 

Кемин шаарын суу менен камсыздоону, саркынды сууларды чыгарууну жакшыртуу, "Кемин-суу канал" муниципалдык ишканасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кемин шаарын Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын таза ичүүчү суу менен камсыздоону жана канализацияны калыбына келтирүү жана оңдоо боюнча долбооруна киргизүүгө байланыштуу, Кемин шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы талкууланды жана пикир алмашып

 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1.Кемин шаары Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын таза ичүүчү суу менен камсыздоону жана канализацияны калыбына келтирүү жана оңдоо боюнча долбооруна киргизилгендигине байланыштуу долбоорду ишке ашырууга макулдук берилсин.

2. Кемин шаарынын мэриясы Кемин шаарына ичүүчү таза суу берүүнү жана канализацияны калыбына келтирүү жана оңдоо боюнча долбоорду ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракеттерин жумшасын, подрядчыны, материалдарды, техниканы жана турак жай үчүн жайларды жайгаштыруу үчүн, тосмо, электр менен жабдуу жана өндүрүштүк базаны куруу үчүн каражаттарды карасын.

3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине чагылдырылышы Кемин шаардык кенешинин жооптуу катчысы К. Ж. Мамбеталиевге жүктөлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кемин шаарынын мэри К. З. Абдывалиевге жүктөлсүн.

 

Төрага

   Д. Мусаев