Редакцияот 06.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕМИН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 6-мартындагы № 1-17-30

Кемин шаарынын мэриясынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана чек ара баямдасына макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын денгээлинде пилоттук режиминде административдик-аймактык реформаны жургузуунун алкагында Чуй облусунун Кемин районунун Кемин шаарынын мэриясынын Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агентигинин «Кыргызмамжердолбоор» мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Кемин шаарынын мэриясынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып жана талкулап, Кемин шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1. Кемин шаарынын мэриясынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана чек ара баямдасына макулдук берилсин.

2. Кемин шаардык кенешинин төрагасы жана Кемин шаарынын мэри Схемалык картага кол коюу тапшырылсын . 

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кемин районунун жергиликтуу мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өзүмө калтырам.

 

Төрага 

   Д. Мусаев