Редакцияот 16.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕМИН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 16-сентябрындагы № 2-19-30

Кемин шаарынын таштанды полигонуна катуу тиричилик калдыктарын жана курулуш таштандыларын түшүрүү үчүн тарифтик торчону бекитүү жөнүндө

 

Кемин шаардык кеңешинин сессиясынын дарегине "Кемин-Тазалык" муниципалдык ишканасынын жетекчилигинин жазуу жүзүндөгү кайрылуусун талкуулап жана көңүлгө алып, пикир алмашып:

Кемин шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кемин шаарынын таштанды полигонуна катуу-тиричилик калдыктарын жана курулуш таштандыларын түшүрүү үчүн тарифтик торчону бекитүү:

- Электроскутер (желмаян) жана башкалар – от 200 до 500 кг – 200 сом бир  транспорттон,

- Портер и жана башкалар – от 1000 кг до 2000 кг – 500 сом - бир  транспорттон,

- Мерседес бенц гигант, газ 53 Азко жана башкалар – 2000 кг до 5000 кг - бир  транспорттон,

- Камаз, хово жана башкалар – 5000 кг до 15 000 кг – 2000 сом - бир  транспорттон,

2. Жетекчилик калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн жана акы төлөөнү Кемин - Тазалык муниципалдык ишканасынын кассасы аркылуу гана жүргүзсүн.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кемин шаарынын мэри К. З. Абдывалиевге жүктөлсүн.

 

Төрага  

 

   Д. Мусаев