Редакцияот 16.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕМИН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 16-сентябрындагы № 6-19-30

Кемин Тазалык» муниципалдык ишканасынын уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

Кемин шаардык мэриясынын аймагында жайгашкан Орловка жылуулук жана суу менен камсыздоо  №3 отканасынын баланска кабыл алынышына байланыштуу «Кемин Тазалык» муниципалдык ишканасынын Уставына өзгөртүү киргизүү тууралуу маалымат угуп, Кемин шаардык кеңешинин депутаттары талкуулап, пикир алмашышып

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Кемин Тазалык» муниципалдык ишканасынын уставынын  2- бөлүмүнүн 20-пунктуна өзгөртүүлөр киргизилип, калкты жылуулук энергиясы жана ысык суу менен камсыздоо жана тейлөө менен толукталсын (№1  тиркемеге ылайык).

2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кемин шаарынын мэри К. З. Абдывалиевге жүктөлсүн.

 

 Төрага 

    Д. Мусаев