Редакцияот 10.03.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

2025-жылдын 10-марты ПЖ № 84

 

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 95-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү сотторунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин сунушу боюнча токтом кылам:

1. 2025-жылдын 11-мартынан тартып курагынын чегине жеткенге чейин төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп дайындалсын:

- Арзиев Марс Мусаевич;

- Джунушева Назгуль Турусбековна;

- Жолдошова Мээрим Адамжановна;

- Казаков Кеңешбек Осмонович;

- Сатимкулов Убайдулла Акилбекович;

- Суханбердиев Данияр Абдамитович;

- Таджибаева Тахмина Саматкановна;

- Шукуралиев Альгис Рыспекович.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Н. Жапаров