Редакцияот 02.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 2-октябры № 35

Элдик курултайга делегаттарды шайлоо жана өткөрүү тууралуу

 

“Элдик Курултай жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  конституциялык Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин  “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” 2023-жылдын 29-августундагы №215-Жарлыгын ишке ашыруу максатында,    Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоону уюштуруу комитетинин 2023-жылдын 06-сентябрындагы №1 чечими менен бекитилген календардык планына ылайык иш алып баруунун негизинде Жайыл айыл аймагында:

1.     Бекитилсин:

       -     Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйын 2023-жылдын 18-ноябрынында саат 10:00дө Алексеевка айылынын, Алексеевка орто мектебинин имаратында өткөрүлсүн.

-  өкүлчүлүктүү жыйынга  катышуучу өкүлдөрдүн саны квотага ылайык 50 адам аныкталсын;

- жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү боюнча аймакты Алексеевка, Жайыл айылдары боюнча бөлүктөргө бөлүнсүн;

- жарандардын жыйындарын өткөрүүнүн графиги жана өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучуларынын саны, №1 тиркемеге ылайык;

- өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тизмеси , № 2 тиркемеге ылайык;

- өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун (мындан ары - жумушчу топ) курамы, №3 тиркемеге ылайык;

        2.   Жумушчу топко:

- делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча өз убагында графиктеги мөөнөтүнөн кечиктирбестен иш алып баруусу зарыл.

         3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдетин өзүмө калтырамын.

 

Жайыл айылдык кеңешинин төрагасы

 

А.А.Мамбеткулов

Тиркеме №­­­­­1

Жайыл айылдык кеңешинин

2023-жылдын 02-октябрындагы

№­­­35-токтомуна

 

Жайыл айыл аймагында Элдик Курултайдын делегаттырын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйындарынын  өткөрүү графиги

  

№

Өткөрүлүүчү айылдын аталышы

 Жооптулар

 

Өткөрүү күнү, сааты.

Өкүлчүлүктүү жыйындын катышуу-

чуларынын саны

 Өткөрүүлүчү жер

1.

Алексеевка айылы

Мамбеткулов А.А. -Жайыл айылдык кеңешинин төрагасы

2023-жылдын 18-октябры, саат 10:00до

40

Алексеевка орто мектебинин имараты

2.

Жайыл айылы

Мамбеткулов А.А. -Жайыл айылдык кеңешинин төрагасы

2023-жылдын 21-октябры, саат 18:00до

10

Жайыл айылынын маданият үйүндө

 

 

 

Жайыл айылдык кеңешинин

төрагасы                                                                                     А.А.Мамбеткулов

 

 

Тиркеме №­­­­­2

Жайыл айылдык кеңешинин

2023-жылдын 02-октябрындагы

№­­­35-токтомуна

 

 

Жайыл айыл аймагында  өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тизмеси

 

1. Мамбеткулов А.А. - Жайыл айылдык кеңешинин төрагасы.

2. Акматов А.К. - Жайыл айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаты;

3. Алтынбеков Н.А. - Жайыл айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаты;

4. Кулахматов Д.Ш. - Жайыл айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаты;

5. Алымбеков Р.Ш. - Алексеевка айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаты;

6. Базаркулов Дж.К. - Алексеевка айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаты;

7. Базаркулов К.Дж. - Алексеевка айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаты;

8. Баймонкоев Б.М. - Алексеевка айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаты;

9. Кадыралиев Р.Б. - Алексеевка айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаты;

10. Каныметов А.Дж. - Алексеевка айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаты;

11. Ниязова А.К. - Алексеевка айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаты;

12. Раимкулова К.Т. - Алексеевка айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаты;

13. Серебрякова Н.Ю. - Алексеевка айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаты;

14. Сманалиева С.З. - Алексеевка айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаты;

15. Сулейманов А.И. - Алексеевка айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаты;

16. Супрунова О.П. - Алексеевка айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаты;

17. Чолпонкулов К.К. - Алексеевка айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаты;

 

 

Жайыл айылдык кеңешинин

төрагасы                                                                                     А.А.Мамбеткулов

 

 

 

 

Тиркеме №­­­­­3

Жайыл айылдык кеңешинин

2023-жылдын 02-октябрындагы

№­­­35- токтомуна

 

 

Жайыл айыл аймагында  өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү боюнча жумушчу топтун  курамы

 

1. Мамбеткулов А.А. - Жайыл айылдык кеңешинин төрагасы, жумушчу топтун төрагасы.

2. Турсунбек к.К. - Жайыл айыл өкмөтүнүн аскерге каттоо столунун инспектору, жумушчу топтун катчысы.

3. Акматов А.К. - Жайыл айылдык кеңешинин депутаты;

4. Баймонкоев Б.М. - Жайыл айылдык кеңешинин депутаты;

5. Сманалиева С.З. - Жайыл айылык кеңешинин депутаты;

6. Кокоев Ж. - Жайыл айылынын активисти;

7. Исаев Т. - Алексеевка айылынын активисти;

8. Маймаева Ж.Ж. - Жайыл айыл өкмөтүнүн жерлерди уюштуруу боюнча адиси.

 

 

Жайыл айылдык кеңешинин

төрагасы                                                                                     А.А.Мамбеткулов