Редакцияот 02.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 2-октябры № 36

 

Жайыл айыл өкмөтүнүн укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укук берилген туруктуу иштөөчү комиссиясынын Жобосун, сандык жана персоналдык курамын бекитүү жөнүндө

 

Жеке адамдардын укуктарын, эркиндиктерин жана кызыкчылыктарын, юридикалык жактардын кызыкчылыктарын, коомдук жана мамлекеттик кызыкчылыктарды, коомдук башкаруу тартибин укукка каршы кол салуулардан коргоону, укук бузуулар жөнүндө иштерди кароону укуктук жактан камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 451 беренесине  ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-январындагы №35  "Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтому менен бекитилген укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө Типтүү жобону, "Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34, 36-беренелерин жетекчиликке алуу менен:

1. Укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укук берилген Жайыл айыл өкмөтүнүн туруктуу иштөөчү комиссиясы жөнүндө Жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Жайыл айыл өкмөтүнүн укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укук берилген туруктуу иштөөчү комиссиясынын сандык жана персоналдык курамы 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. 2018-жылдын 7-декабрындагы Жайыл айылдык кеңешинин 11-токтому күчүн жоготту деп табылсын.

  4. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдети Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дж.Кокоевге жүктөлсүн.

Жайыл айылдык кеңешинин төрагасы

 

А.А.Мамбеткулов

Тиркеме 1

Жайыл айылдык кеңешинин

№36-токтомуна

“02” 10 2023-ж.

Жайыл айылдык кеңешинин укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укук берилген туруктуу комиссиясы жөнүндө Жобо

1. Жалпы мазмуну

1. Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссия жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине (мындан ары - Кодекс) ылайык Жайыл айыл өкмөтүнүн укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясын (мындан ары - Комиссия) түзүүнүн жана ишинин тартибин аныктайт.2. Комиссиянын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

- укук бузуулар жөнүндө кароого келип түшкөн ар бир иштин жагдайын өз убагында, ар тараптуу, толук жана объективдүү аныктоо;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык укук бузуулар жөнүндө иштерди так чечүү;

- чыгарылган чечимдин аткарылышын контролдоо, ошондой эле укук бузууларды жасоого өбөлгө түзгөн себептерди жана шарттарды аныктоо.

3. Комиссия туруктуу иштөөчү коллегиалдуу орган болуп саналат, анын сандык жана жеке курамы Жайыл айылдык Кеңешинин  жергиликтүү кеңештердин чечими менен бекитилет.

        4. Комиссиялардын ишмердүүлүгү мыйзамдуулуктун, мыйзам алдында теңдиктин, күнөөсүздүк презумпциясынын, укук бузуулар үчүн жоопкерчиликтин сөзсүз болушунун, адилеттүүлүктүн, жазаларды жекелештирүүнүн жана гуманизмдин принциптерине негизделет. 5. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө Кодексин, башка укук- ченемдик актыларды жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-январындагы №35-токтому менен бекитилген укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө типтүү Жобону жетекчиликке алат.

2. Комиссиянын ишин түзүүнүн жана токтотуунун тартиби

6. Жайыл айыл өкмөтү өзүнүн чечими менен укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө жана токтомдорду чыгарууга, Кодексте каралган учурларда жаза колдонууга ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынын тизмесин аныктайт. Жайыл айылдык Кеңеши укук бузуулар жөнүндөгү иштерди кароого ыйгарым укук берилген туруктуу комиссияны түзөт.

7. Комиссия өзүнүн ишкердик, жеке жана адеп-ахлактык сапаттары, ден-соолугунун абалы боюнча комиссияга жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жөндөмдүү Жайыл айылөкмөтүнүн, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана муниципалдык ишканаларынын кызматчыларынын (кызматкерлеринин), ичинен түзүлөт.

8. Комиссия 3төн 9 адамга чейин так санда түзүлөт, анын курамына Комиссиянын төрагасы, мүчөлөрү, катчысы кирет жана Жайыл айыл өкмөтүнүн  жетекчилери жана кызматкерлеринен (кызматчылары) кирет.

9. Жайыл айыл өкмөтүнүн Комиссиясынын курамына төмөнкүлөр кирет:

- муниципалдык кызматчылар;

- аймактык мамлекеттик органдардын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча).

10. Төмөнкү адам Комиссиянын мүчөсү боло албайт:

- ага карата кылмыш-жаза куугунтуктоосу (кылмыш-жаза иши) акталбаган (реабилитацияланбаган) негиздер боюнча токтотулган, кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылган;

- ден-соолугунун абалы медициналык корутундуга ылайык Комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган.

11. Комиссиянын ыйгарым укуктары Жайыл айылдык кеңеши тарабынан Комиссияны түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып башталат жана Комиссиянын жаңы курамы бекитилген учурдан тартып токтотулат.

12. Комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктары Жайыл айылдык кеңеши тарабынан төмөнкүдөй учурларда токтотулат:

- Комиссиянын мүчөсү - кызматчы өзүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергенде;

- Комиссиянын мүчөсүнө карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;

- соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими боюнча Комиссиянын мүчөсү болуп саналган адам аракетке жөндөмсүз, аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген, дайынсыз жок болгон же каза болду деп таанылганда;

- Комиссиянын мүчөсүнүн өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусуна тоскоолдук кылган ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык корутундусу болгондо;

- Комиссиянын мүчөсү болуп саналган адам тарабынан мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын этикасын бузган жосун жасаганда;

- Комиссиянын мүчөсү каза болгондо;

- Комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоого чыгып кеткенде;

- Комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда, ал Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо же чет мамлекеттин жарандыгын кабыл алганда;

- мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жоюлганда;

- Комиссиянын мүчөсү болуп саналган кызматчы бошотулганда, ротацияланганда (которуу же ордунан жылдыруу).

13. Комиссиянын жаңы мүчөсү Комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирбестен бекитилет.

14. Комиссиянын ыйгарым укуктары, Комиссия өз ыйгарым укуктарын аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган учурда Жайыл айылдык кеңеши тарабынан токтотулушу мүмкүн.

15. Комиссиянын жаңы курамы Комиссиянын мурунку курамынын ыйгарым укуктары токтотулган күндөн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирбестен түзүлөт.

16. Укук бузуулар жөнүндө иш өндүрүшүндө турган Комиссиянын мүчөсү, эгерде ал төмөнкүдөй болгон учурларда аны карай албайт:

- укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын же жабырлануучунун, алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, жактоочунун же өкүлүнүн тууганы болсо;

- иштин чечилишине жеке, түз же кыйыр түрдө кызыкдар болсо.

Жогоруда көрсөтүлгөн учурлар Комиссиянын төрагасынын жана мүчөсүнүн баш тартуусу үчүн негиз болуп саналат.