Редакцияот 19.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

Кеңешинин I чакырылышынын кезексиз IV Сессиясы

   

                                                  

2025-жылдын 19-февралы № 3

 

     Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин иш планын бекитүү жөнүндө

 

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин негизинде жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 6-декабрындагы №01-25/329 буйругуна ылайык  Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин иш планын бекитип берүү жөнүндө угуп жана талкуулап, Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

         

1. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 6-декабрындагы №01-25/329 буйругуна ылайык Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин иш планы өзгөртүү, толуктоолору менен бекитилсин.

 

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагын өзүмө калтырамын.

 

 

 

                          

Төрага

 

А. Муталиев