Редакцияот 17.10.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИНТЕРНАЦИОНАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

2022 жылдын 17-октябры №82/28-9

Интернациональное айылындагы

жаңы участоктордун курулуш планын бекитүү

 

“Интернациональное айылдагы №165-контурунда жетим балдарга үй куруу үчүн жер тилкесин түзүү” № 116221007GBYZ02000, 2022-жылдагы Жер участогу планынын негизинде

 

Интернационал айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Интернационал айылындага Пионерская көчөсүндөгү 1а, 1б, 1в, 1г,  дареги боюнча жайгашкан, аянттары 500 кв.м, 4 жер тилкесинин курулуш планы бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ысык-Ата филиалынан менчик укугун белгиленген тартипте каттоодон өткөрүү суралсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Интернационал айыл өкмөтүнүн башчысы А.Б.Камчыбековго жүктөлсүн.

Интернационал айылдык

кеңешинин төрагасы

 

 

   

 А.А. Аскаров