РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ IV СЕССИЯСЫ (VII чакырылышы)
2024-жылдын 28-февраль №1
Раззаков шаарынын аймагындагы турак имаратына жана жайга мүлк салыгынын ставкасын бекитүү жөнүндө.
Раззаков шаарынын мэриясынын “Раззаков шаарынын аймагындагы турак имаратына жана жайга мүлк салыгынын ставкасын бекитүү жөнүндө” сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Мыйзамынын 4-беренесинин 14-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 379-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- 2025-2027-жылдардын салык мезгилдери үчүн турак имаратына жана жайга мүлк салыгы 1 чарчы метр жерге 10сом өлчөмүндө салыктын ставкасы бекитилсин.
- Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.razzakov.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | С.А.Саматов |