Редакцияот 03.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Айдаркен шаардык кеңешинин IV- чакырылышынын кезектсиз 37-сессиясы

 

2024-жылдын 3-сентябры №89

Айдаркен шаарынын аймагындагы 15 км ички каналдын ээлеген 22 500 м2 жер аянтын жана коргоо тилкесиндеги 180 000 м2 жер аянтын, жалпы 202 500 м2 жер аянтын Кадамжай райондук суу чарба башкармалыгына мɵɵнɵтсүз пайдаланууга берүү жɵнүндɵ

Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап, шаардык мэриянын жер маселелери боюнча башкы адиси А.Жакыповдун баяндамасын угуп, Кыргыз Ɵкмɵтүнүн 1995-жылдын 7-июнундагы №271 Токтомунун 4-бɵлүмүнүн 18-пунктуна жана Кадамжай райондук суу чарба башкармалыгынын 2024-жылдын 15-августундагы №01-08/125 сандуу катына негиз Айдаркен шаардык кеңеши

Т О К Т О М        К Ы Л А Т:

  1. Айдаркен шаарынын аймагындагы 15 км ички каналдын ээлеген 22 500м2 жер аянты жана коргоо тилкесиндеги 180 000 м2 жер аянты, жалпы 202 500 м2 жер аянты Кадамжай райондук суу чарба башкармалыгына мɵɵнɵтсүз пайдаланууга ɵткɵрүп берүүгɵ макулдук берилсин.
  1. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана жер аянттарын ɵткɵрүп берүү шаардык мэриянын жер маселелери боюнча башкы адиси А.Жакыповго милдеттендирилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы ɵнɵр жай, курулуш, архитектура, жер, коммуналдык кызмат жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына, мыйзамдуулук жана адам укуктарын  коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктɵлсүн.
  1. Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жагы областык Юстиция башкармалыгынан суралсын.

Тѳрага

А.К.Кожомбердиев