ИНТЕРНАЦИОНАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
2023 жылдын 19-сентябры №156/28-18
Интернационал айыл өкмөтүнө караштуу Интернационал айылында жайгашкан БДРди Ысык-Ата райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү жөнүндө
Интернационал айыл кеңешинин депутаттарынын кезексиз сессиясында, Интернационал айыл аймагынын “Ой-Талгы” Суу пайдалануучу ассоциациясынын 18.09.2023-ж. протоколундагы сунуштарын жана пикирлерин эске алып
Интернационал айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Интернационал айыл өкмөтүнө караштуу Интернационал айылында жайгашкан БДРди айыл өкмөтүнүн балансынан Мамлекеттик менчикке алып, Суу ресурстары кызматынын карамагына өткөрүп берүү жөнүндө, дыйкандардын суроо талаптары канааттандырылсын.
2. Мамлекеттик менчике өткөндөн кийин жеке менчикке берилбөөсү каралсын.
3. Интернационал айыл аймагынын Интернационал айылындагы БДРди Ысык-Ата райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүп берүүнү чечүү жагы Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигинин астындагы Суу ресурстары кызматы мамлекеттик мекемесинен суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Интернационал айыл өкмөтүнүн башчысы А.Б. Камчыбековго жүктөлсүн.
Интернационал айылдык кеңешинин төрагасы
|
С.М. Чекиров |