Редакцияот 06.03.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

  А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

А.Масалиев айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы

 

2024-жылдын 06-марты № 21

А.Масалиев айыл өкмөт аймагындагы мүлк салыгынын  турак – үйлөргө салык өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө

                                                                                                                                                                                            

А.Масалиев айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын  билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын салык Кодексинин 379-380-беренесине мүлк салыгынын турак жайларга эсептөөдө өзгөртүүлөр болгондугуна байланыштуу А.Масалиев айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. А.Масалиев айыл өкмөт аймагындагы мүлк салыгынын  турак-үйлөр үчүн 2025-2027-жылдарга эсептөөдө салык кодексинин 409-беренесинде көрсөтүлгөндөй  айыл аймагынын калкынын санына жараша мүлк салыгынын турак-үйлөргө салыгын эсептөөдө 5 жылга чейин бир чарчы метрине 12 сом өлчөмүндө  бекитилсин.
  2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы А.Масалиев айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Масалиев айылдык кеңешинин бюджет  боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Т.Галботоев

 

 

 

                                                                           А.Масалиев айылдык кеңешинин

                                                                  2025-жылдын 6- мартындагы

                                                         №21 токтомуна тиркеме

 

А.Масалиев айыл өкмөт аймагындагы 2025-2027-жылдардын салык мезгилдери үчүн мүлк салыгын турак – үйлөргө салык өлчөмдөрүн эсептөө наркы

№

Дубал материалы

Курулган  мөөнөтү

Салыктын базалык наркы

(сом)

1

Кирпич, жыгач, бор же монолиттүү бетон жана темир-бетон, бетон блоктору, пескоблок, пеноблок, пенобетон, айнек, сэндвич

5 жылга чейин

12

5-15 жылга чейин

11

15-30 жылга чейин

10

30-45 жылга чейин

8

45 жылдан жогорку

7

2

Саман,(гувалак, сокмо) шлакоблок, полистирол курулуш блоку

5 жылга чейин

10

5-15 жылга чейин

8

15-30 жылга чейин

7

30-45 жылга чейин

5

45 жылдан жогорку

4

3

Металл

Мөөнөтүнө  карабастан

8

4

Башка материалдар жана убактылуу жайлар үчүн материалдар

Мөөнөтүнө  карабастан

6

 

 

 

Салык боюнча башкы адис:                                             Ж.Мамажанов