Редакцияот 05.03.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кеңештин I чакырылышынын V сессиясы

2025-жылдын 5-марты № 1

 

“Салыктык эмес кирешелер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексинин 24-главасынын 73-74-75-76- беренелерине ылайык калктуу конуштардан таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымды бекитүү жөнүндө.

 

“Салыктык эмес кирешелер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексинин 24-главасынын 73-74-75-76- беренелерине ылайык, калктуу конуштардан таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымды бекитүү жөнүндө “угуп жана талкуулап, Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

         

1. “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексинин 24-главасынын 73-74-75-76- беренелерин жетекчиликке алып калктуу конуштардан таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымды жеке ишкерлер, коммерциялык уюмдар жана юридикалык тараптар-ишкердик иши үчүн арналган имараттардын ээлери, анын ичинде курулушту же анын бир бөлүгүн ижарага берүүчүлөр бир жашоочуга жылына 100 (бир жүз)  сомдон бекитилсин.

Төлөө жана эсептик маалыматтарды берүү үстүбүздөгү жылдын 1-апрели белгиленсин.

         

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

А. Муталиев