Редакцияот 05.03.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кеңештин I чакырылышынын V сессиясы

2025-жылдын 5-марты № 3

 

Чаек айыл аймагындагы көчөлөрдү кеңейтүү үчүн жүрүп жаткан иштер боюнча көйгөйлөрдү чечүү жөнүндө

 

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык Чаек айыл аймагындагы көчөлөрдү кеңейтүү үчүн жүрүп жаткан иштер боюнча көйгөйлөрдү чечүү жөнүндө  Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:

 

1. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык Чаек айыл аймагындагы көчөлөрдү кеңейтүү үчүн жүрүп жаткан иштер боюнча Чукур айылынын 5 көчөсүнүн туурасынын кенендиги 12 метр бойдон 2040-жылга чейин калтырылсын.

 

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго милдеттендирилсин.

 

 

 

Төрага

А. Муталиев