Редакцияот 28.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2024-жылдын 28-ноябры №1/I

Нурманбет айылдык кеңештин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы

жөнүндө

 

Эсептөө комиссиясынын 2024-жылы 28-ноябрынын №3-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясы

 

токтом кылат:

 

1. Эсептөө комиссиясынын Нурманбет айылдык кеңештин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын 28-ноябрынын №3-протоколу бекитилсин.

2. Бекбоева Нурия Сагынбековна Нурманбет айылдык кеңештин төрагасы болуп шайлангандыгы таанылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзомөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 

Төрага

Бекбоева Н.С.